Бүтүрүү кечелеринин маалында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники милиции. Архивное фото
Сотрудники милиции. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошону менен бирге милиция ата-энелерге кайрылып, балдарга жүрүм-турум эрежесин кайталоо зарылдыгын эскертет.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын милициясы мектеп жана гимназиялардагы бүтүрүү кечелери өтчү маалда күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу ШИИБ билдирди.

Маалыматта күзөткө милициянын 600дөн ашуун кызматкери чыга турганы айтылат.

"Ар бир мектеп, оюн-зоок жайлары, парк жана эл көп чогулган жерлерге милициянын кошумча мобилдүү патрулу тартылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге милиция ата-энелерге кайрылып, балдарга жүрүм-турум эрежесин кайталоо зарылдыгын эскертет. Ал эми кооптуулук жаралган учурда жакын жердеги милиция бөлүмүнө же 102 кызматына кабарлоо кажет экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0