Бишкектин тургундары жапырт газсыз калат. Аймактардын тизмеси

© AFP / SHAUN CURRYГаз плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газ борбор калаанын батышында, түштүк батышында жана чыгышында өчүрүлөт.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкекте жакынкы аралыкта миңдеген абонент газсыз калат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Toyota Camry автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш байге — Toyota Camry 50. Мэрия "Жаркын Бишкек" сынагын жарыялады
24-июндан 28-июнга чейин Садырбаев, Гагарин көчөлөрү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Пожарский, Медеров, Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр, Ажыбек баатыр көчөлөрү, "Теплоэнергоремонт" буу казаны жана Жал кичи районунун аймагында жашаган 11 108 абонент газсыз калат. Себеби — жер алдындагы түтүктөр оңдолот.

24-июндан 26-июнга чейин Чүй проспектиси, Достоевский, Веселый, Салиева жана Буденный көчөлөрү менен чектешкен аймакта газ жок болот. Себеби — жабдыктар алмаштырылат.

25-июндан 26-июнга чейин "Тунгуч" кичи районундагы 4 053 абонент газсыз калат.

26-июндан 27-июнга чейин Рыбинский туюк көчөсүндөгү 10 абоненттин газы өчүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0