Аденомадан оолак болуу үчүн эркектер кайсы азыкты жеши керек? Иликтөө

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМолочный завод в Хомсе
Молочный завод в Хомсе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Йогурт көп жеген эркектер аденома гана эмес, ичеги-карын рагынын дагы алдын алары айтылды.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жумасына жок дегенде эки ирет йогурт жеген эркектер аденома илдетинен оолак болот. Бул тууралуу АКШлык жана кытайлык окумуштуулар иликтөө жасаганын Medicalxpress басылмасы жазды.

"Мындай аракет эркек ичеги-карын рагынын дагы алдын алат дегенди түшүндүрөт. Анткени аденома бара-бара дал ушул ооруга алып келиши мүмкүн", — дешти окумуштуулар.

Куриное мясо - Sputnik Кыргызстан
Куштун эти малдыкындай эле зыян экендиги маалым болду
1986-жылдан 2013-жылга чейин жүргүзүлгөн изилдөөгө 32 миң эркек катышкан. Бул аралыкта йогуртту аз пайдаланган 5811 эркек аденома илдетине чалдыккан. Ал эми апта ичинде эки же андан көп жолу аталган азыкты жегендер мындай илдеттен алыс болгон.

Окумуштуулар муну йогурттун курамындагы Lactobacillus bulgaricus жана Streptococcus thermophilus бактериялары аденома жана рак илдеттерин чакырган инфекцияны жеп салат деп түшүндүрүүдө.

Аденома — эмчек, боор, бөйрөк, жыныс бездери сыяктуу ар кандай органдарда без эпителийинен пайда болуучу анча кооптуулук жаратпаган шишик.

Жаңылыктар түрмөгү
0