12:40 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейи. Архивдик сүрөт

Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы музейге директор болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
10910

Тийиштүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейине Мира Жангарачева директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Музейдин буга чейинки жетекчиси Юристанбек Шыгаев отставкага кеткен болчу. Маданий жайда жаңжал чыгып, ага директордун дагы катыштыгы бар экени айтылган.

Жангарачеваны жетекчи кылып дайындоо боюнча тийиштүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Жангарачева Мира Камилевна 1952-жылы туулган. Билими жогорку.

Тема боюнча

Көркөм сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев кызматтан кетти
Белгилер:
директор, музей, Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ