Алмазбек Атамбаевдин ушул тапта кайда экени айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев (ортодо). Архив
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев (ортодо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда КСДПнын маалымат жыйыны өтүүдө.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев учурда Бишкекте жана эч жакка кетпейт. Бул тууралуу КСДПнын маалымат жыйынында партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Алмазбек Шаршенович учурда Бишкекте, иш ордунда. Айрым чагымчылдар аны өлкөдөн чыгып кетти деп жатышат. Акыркы 1,5 жылдан бери ушул сөз токтобой койду. Ал эч жакка качпайт! Качууга негиз дагы жок", — деди Жолдубаева.

 Белгилей кетсек, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча 13-июнда комиссия түзүлгөн. Алар эки күндөн бери күн сайын жыйынга чогулууда. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0