Автоунаа берилет! Көлдө айыл өкмөттөр тазалык боюнча таймашууда

© © SputnikКонкурс среди айыльных округов в Иссык-Куле
Конкурс среди айыльных округов в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи турдун жыйынтыгы менен Ак-Суудан Кара-Жал айыл өкмөтү, Жети-Ѳгүздөн Тамга, Тоӊ районунан Тоӊ айыл аймагы, Ысык-Көлдөн Тамчы жана Түптөн Ысык-Көл айылы тандалып алынды. Эми бешөөнүн мыктысы аныкталат.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөр арасында сынак өтүп жатканын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Таймашка көз салып, мыктыларын тандап алуу үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Айбек Майрыков иш-чара көлдүн экологиялык тазалыгы, инфраструктуралык жана санитардык шартын жакшыртууну максат кыларын айтып берди.

"Туристтик мезгилге даярданып, "Таза жашоо-2019" акциясы уюштурулду. Анын алкагында аймактагы беш райондун айыл өкмөттөрү арасында сынак жарыяланып, биринчи туру жыйынтыкталды. Натыйжада ар бир райондон беш айыл өкмөт алдыга озуп чыкты. Эми дагы эки этап бар", — деди ал.

© © SputnikЫсык-Көл облусундагы айыл өкмөттөр арасында сынак өтүп жатканын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөр арасында сынак өтүп жатканын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөр арасында сынак өтүп жатканын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
© © SputnikТуристтик мезгилге даярданып, "Таза жашоо-2019" акциясы уюштурулду
Туристтик мезгилге даярданып, Таза жашоо-2019 акциясы уюштурулду - Sputnik Кыргызстан
2/2
Туристтик мезгилге даярданып, "Таза жашоо-2019" акциясы уюштурулду
1/2
Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөр арасында сынак өтүп жатканын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
2/2
Туристтик мезгилге даярданып, "Таза жашоо-2019" акциясы уюштурулду

Майрыковдун айтымында, биринчи турдун жыйынтыгы менен Ак-Суудан Кара-Жал айыл өкмөтү, Жети-Ѳгүздөн Тамга, Тоӊ районунан Тоӊ айыл аймагы, Ысык-Көлдөн Тамчы жана Түптөн Ысык-Көл айылы тандалып алынды.

"Мыкты деп табылган айыл өкмөтүнө автоунаа белекке берилет", — деди комиссия мүчөсү.

Иш-чараны кийинки жылы да уюштуруу пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0