14:46 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Экс-премьер-министр Темир Сариев. Архивдик сүрөт

Актёрлук айлыгы менен бир туугандарын кийинткен. Темир Сариев тууралуу 9 факты

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
1581 0 0

Темир Сариев акыркы жылдары чоң саясаттан оолагыраак жүрөт. Бирок анын Кыргызстандын эгемендүү тарыхында бараандуу орду бар. Алгач ишкер катары өзүн көрсөтүп, кийин саясатка баш баккан Сариев бүгүн 56 жашка чыкты.

Кыргыз саясатындагы маанилүү тепкичтердин баарын басып өткөн Темир Сариев депутаттык, министрлик жана премьер-министрлик кызматтарды аркалап, 2017-жылкы президенттик шайлоодо да күчүн сынаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Эмгекчил балалык. Темир Сариев 1963-жылы 17-июнда Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. Атасы көп жыл колхоздо иштеп, 17 жылдан ашык убакыт айылдык кеңештин төрагасы катары кызмат кылган. Апасы да колхоз иштери менен алектенип, ар дайым талаа жумуштарында жүрчү. Андыктан болочоктогу саясатчы 10 бир тууганы менен бирге жаштайынан эле эмгекке жакын болуп чоңоёт. Алгач короо карап, чөп чаап, койдун кезегин кайтарып үй иштери менен алек болсо, кийин бой жеткенде сакманчы болуп, кырманда буудай, арпа сапырып иштейт. 

Экс-премьер-министр Темир Сариев (в центре) в школьные годы
© Фото / из личного архива Темира Сариева
Темир Сариевдин мектептеги кези (ортодо)

Тайманбастыкка үйрөткөн спорт. Темир Сариев 1970-жылдан тарта Фрунзе шаарындагы Крупская атындагы спорттук интернаттан билим ала баштайт. "Спорттук интернат эң негизгиси тартипти үйрөттү. Ал жерде бардык нерсенин убакыт-сааты жазылып, эреже менен жашачубуз. Албетте, биринчи тарбия үй-бүлө жана чөйрөдөн. Ошол эле убакта мектептин тарбиясы да абдан маанилүү. Спорт мага курчтукту, тайманбастыкты жана чечкиндүүлүктү берди. Тактикалык жактан атаандашыңдын сырын билүүгө, өзүңө болгон ишенимдин күчтөнүүсүнө түрткү болду" деп баса белгилейт саясатчы. Ал интернатты 17 жашында аяктайт.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Актёрлуктан тапкан алгачкы маяна. Темир Сариевдин бала кезинде Чыңгыз Айтматовдун "Атадан калган туяк" чыгармасы боюнча тартылган телефильмде кичинекей Авалбектин ролун ойногонун көпчүлүк билет. Тасма тартылган 1972-жылы Сариев 3-класста окучу. Жалпысынан үч ай киного тартылган жаш актёр эмгек акысы катары 182 рубль алат. Маянасын толугу менен энесине алып барып берет. Ошентип мектепке даярданган бир туугандардын баары ошол акчага бир сыйра кийинишет.

Украинадагы жоокер. Темир Сариев аскердик кызматын 1981-1983-жылдары Украинада өтөйт. Советтик армиянын аскердик эрежесине ылайык алгач алты айлык окууну аяктап, сержант чинине ээ болот. Андан соң аскердик бөлүккө которулуп, мөөнөтүн Харьков облусундагы Чугуев шаарында аяктайт. Ал жерде Сариев батальондун старшиналыгына чейин көтөрүлөт.

Премьер-министр КР Темир Сариев проходил срочную военную службу в рядах Советской Армии в 1981-1983 годах
© Фото / из личного архива Темира Сариева
Темир Сариев аскердик кызматын 1981-1983-жылдары Украинада өтөйт

26 жаштагы жетекчи. Аскерден келген соң эмгек жолун Аламүдүн тери фабрикасында экспедиторлуктан баштайт. Ал жерде комсомолдук комитетти да башкарып калат. Коомдук иштерге активдүү катышкан жаш жигитти партия жетекчилиги байкап, мамлекеттик кызматка чакырат. 1987-жылы Аламүдүн райком комсомолунун эмгек жаштары бөлүмүнө барып, кийинчерээк бөлүм башчысы кызматын да аркалайт. Бул мезгилде СССР айтылуу "Кайра куруу" саясатын жүргүзүп жаткандыктан, партия ишкерликти өнүктүрүү боюнча эксперименталдык жолдорду издей баштаган эле. Сариев Аламүдүн райкомунун КПКсында уюштуруу бөлүмүндө үйрөтүүчү, Аламүдүн райондук аткаруу комитетинде аппарат жетекчиси жана төраганын орун басары кызматтарын аркалайт. 26 жаштагы Сариев 1990-жылдын аягында арызын жазып, өз ыктыяры менен жумушун тапшырат.

Бизнеске аралашуу. Сариев 1991-жылы Кыргыз товар-сырье биржасын негиздеп, аны 1995-жылга чейин башкарат. Биржа ошол убакта өлкөдөгү эң ири акционердик коом болуп, ага 350дөн ашык брокердик контора кирген. 1991-жылы экономикалык кризис күчөп, көптөгөн ишканалар бири-бири менен байланышын жоготуп, товарлар сатылбай калган эле. Сариев баштаган биржа КМШдагы бардык биржалар менен байланыш түзүп, завод-фабрикаларга, фермерлерге регионалдык соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн. 1995-жылы "Тотон" каржы-өнөр жай фирмасынын директору болот. 

Экс-депутат парламента Кыргызстана, лидер объединенной оппозиции Кыргызстана Т.Сариев
© Sputnik / Владимир Федоренко
Темир Сариев жаштайынан эле саясатка кызыккан

Саясатка келиши. Темир Сариев жаштайынан эле саясатка кызыккан. Максаты — карапайым үй-бүлөдөн чыккан адам деле илими-билими, жөндөмү жана мүнөзү менен чоң ийгиликтерге жетише аларын далилдөө болчу. 2000 жана 2005-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болот.

Эл менен. Сариев Кыргызстандагы эки революцияда тең эл алдында жүргөн саясатчылардын бири. 2010-жылдагы революцияда оппозициянын уюштуруу тобуна кирет. Сариевди күч кызматкерлери 7-апрель күнү аэропорттон камакка алып, суракка алып барышат. Элден корккон бийлик оппозиционерлер менен сүйлөшүүгө аргасыз болот. Ошол кездеги башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Темир Сариев менен Иса Өмүркуловду сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Ак үйгө алып барат. Ал жерде мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго жолугуп, өзүнүн негизги үч талабын коёт. Алар ок атууну токтотуу, чатырлардагы снайперлерди алуу жана камактагы оппозициянын башчыларын чыгаруу болчу. Андан соң Сариев биринчилерден болуп ок атылып жаткан аянтка чыгып, революциянын аягына чейин эл менен болот. 

Беспорядки в Кыргызстане
© Sputnik / Андрей Стенин
Сариев Кыргызстандагы эки революцияда тең эл алдында жүргөн саясатчылардын бири

Үй-бүлөсү. Саясатчынын жубайы Айжан Сариева кесиби боюнча англис тили боюнча мугалим. Ал бир топ жыл Бишкектеги мектептерде сабак берген. Сариев бир уул менен бир кыздын атасы. Кызы Айгерим Борбор Азиядагы Америка университетин аяктап, азыр жеке ишкерлик менен алектенет. Уулу Бекболот мектеп окуучусу.

Тема боюнча

Искендер Матраимовдун ишкер жубайы Минавар Жумаева тууралуу 5 факты
Атасы аким, агасы салыкчы. Чүйдүн жаңы башчысы Намазалиев жөнүндө фактылар
Белгилер:
бизнес, саясат, үй-бүлө, балалык, Темир Сариев, факты

ЭҢ МААНИЛҮҮ