20:18 18 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын кызматкерлери жана федерацияга мүчө уюмдар Бишкектеги профсоюздар имаратынан алдына митингге чыкты

Бишкектин борборунда сары футболкачан адамдар митингге чыкты. Талабы эмне?

© Фото / пресс-служба Горно-металлургического профсоюза КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1935 0 0

Алар Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген "Кесипкөй бирикмелер жөнүндө" мыйзамына каршы чыгууда.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын кызматкерлери жана федерацияга мүчө уюмдар Бишкектеги профсоюздар имаратынан алдына митингге чыкты. Бул тууралуу жеринен Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

  • Сотрудники Федерации профсоюзов КР и ее членских организаций выходили на митинг к Дому профсоюзов в Бишкеке
    Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын кызматкерлери жана федерацияга мүчө уюмдар Бишкектеги профсоюздар имаратынан алдына митингге чыкты
    © Фото / пресс-служба Горно-металлургического профсоюза КР
  • Сотрудники Федерации профсоюзов КР и ее членских организаций выходили на митинг к Дому профсоюзов в Бишкеке
    Жыйын саат 10.00дө башталды. Анын катышуучулары "Биригүү эркиндигине укуктуубуз!" деген жазуулары бар сары футболка кийип чыгышкан
    © Фото / пресс-служба Горно-металлургического профсоюза КР
  • Сотрудники Федерации профсоюзов КР и ее членских организаций выходили на митинг к Дому профсоюзов в Бишкеке
    Алар Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген "Кесипкөй бирикмелер жөнүндө" мыйзамына каршы чыгууда.
    © Фото / пресс-служба Горно-металлургического профсоюза КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба Горно-металлургического профсоюза КР
Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын кызматкерлери жана федерацияга мүчө уюмдар Бишкектеги профсоюздар имаратынан алдына митингге чыкты

Жыйын саат 10.00дө башталды. Анын катышуучулары "Биригүү эркиндигине укуктуубуз!" деген жазуулары бар сары футболка кийип чыгышкан.

Алар Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген "Кесипкөй бирикмелер жөнүндө" мыйзамына каршы чыгууда. Документ 27-май күнү каттоого алынып, 13-июнда Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда кабыл алынган.

Митингге чыккандардын айтымында, депутаттардын демилгеси профсоюздардын эркиндигине чектөө киргизип жатат.

"Бул мыйзам совет доорунан калган эски түшүнүктөрдү таңуулап, жарандык активист жана бейөкмөт уюмдардын ишине тоскоолдук жаратат", — деп айтышты катышуучулар.

Ошондой эле алар мыйзам долбоору эл аралык укукка жана Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келерин белгилешти.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Данияр Төлөнов кийинчерээк комментарий берерин айтты.

Белгилер:
Митинг, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ