21:16 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Дарыгерлер. Архивдик сүрөт

Дарынын жытын сагынам... Доктурлар кесибин эмнеге сүйөт

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
52010

Ар бир адамдын жумушунда кетирбей, "кармап" турган нерсе болсо керек. Кээде ишиңден чарчап, басып кетип калгың келгенде ошол нерселер стимул бергендей болот.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги буга чейин кесип ээлеринин кыжырына тийген учурларды тизмектеп келген, эми, тескерисинче, иши эмнеси менен жагарын айтып берүүнү чечти.

Алгач миңдеген бейтаптардын илдетин дарылап, өмүр берген дарыгерлерди алдык. Материалды даярдоого бир нече ак халатчан үн кошту.

Кесипке болгон берилгендик

Башкаларды айта албайбыз, бирок дарыгерлик менен мугалимдик — ыйык кесип. Булар эзелтеден бери калыптанып, аны аркалагандарга өзгөчө мамиле кылышкан. Азыр да "жерде калбаган" иш деп баалашат. Дарыгерликти жөн жерден аркалап калуу мүмкүн эмес. Турмушта сөзсүз бир нерселер таасир этет. Жашыңда жакының ооруп, "кийин мен доктур болом" дейсиң, же кимдир бирөөнү көрүп шыктанасың дагы, көкүрөгүңдө кесипке болгон аруу сүйүү жаралат. Эгерде кокусунан же кимдир бирөөнүн сунушу менен тандап калсаңыз дагы кесип өзүнө арбап алат.

Бейтаптын сакайганы — бакыт

Күн сайын ишибизде көптөгөн адамды кабыл алып, оорусун аныктап, дарылап, дартына шыпаа болобуз. Биз үчүн бейтаптар үйүнө жакшынакай чыгып кетсе эле болду. Ыраазычылыгын айтып, бата берсе ого бетер сүйүнөсүң. Бейтаптардын ден соолугу калыбына келбесе, кошо кайгырабыз. Кээде көзгө жаш алган учурлар да болот.

Дарынын жытын сагынам...

Ак халат, чепчик, дары-дармек — ишибиздин ажырагыс бөлүгү. Азыр заман талабына ылайык, дарыгерлер түстүү формаларды деле кийип калышты. Анткен менен ар бир адамдын идеалында биз ак халатчанбыз. Жумушка киргенде аңкыган гүл сымал мурунга дарынын жыты урунат. Иштебей калганда дарынын жытын кадимкидей сагынабыз... Баса, дарыгерлер таза, тыкан келет. Бул да болсо иштин таасиринен деп ойлойбуз.

Бардык жерде доктурбуз

Дарыгер болгондон кийин ден соолугуңа кам көргөндү билесиң. Кээде "өтүкчүнүн өтүгү жок" дегендей, өзүбүз ооруп калган учурлар болот. Бейтапканада эле адамдарга жардам көрсөтпөстөн, тууган-туушкан, тааныш, кошуна-колоңдорду да карайбыз. Айрым учурда турмуштук себептерден бейтааныш адамдарга да жардам көрсөтүп калабыз. Керегиң жарап турганга эмне жетсин!

Тааныштар курчаганда

Дарыгер — коомдун кадыр-барктуу адамы. Иш менен жүрүп бир топ адам менен көрүшөсүң. Айрым бейтаптар көп кайрылгандыктан, тааныш деле болуп каласың. Кайсы жакка барба "биздин дарыгер" деп турушат. Көп жыл эмгектенип калган ак халатчандар коомдун сый-урматтуу адамына айланат.

Тема боюнча

Мамакеев, Жумабеков эмне менен ооруйт? Атактуу дарыгерлердин эл билбеген дарты
Чаалыкпаган хирург 91 жашта! Күн сайын операция жасаган Мамакеев видеодо
Жансыз бейтапты кучактап ыйлап, кечирим сурадым... Хирургдун маеги
Белгилер:
оору, бейтап, дарыгер, кесип

ЭҢ МААНИЛҮҮ