Эмомали Рахмон жаштардын террордук уюмдарга ооп кетишинин 3 себебин атады

© Sputnik / Табылды КадырбековТажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажик лидери жумушсуздук менен жакырчылык жаштарды террордук уюмдарга түртүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жакырчылык менен биргелешип күрөшүү боюнча маселе көтөрдү. Ал Бишкектеги ШКУ жыйынында сөз сүйлөп, жакырчылык темасына да токтолгон.

Рахмондун айтымында, жаштар жумушсуздуктун жана жакырчылыктын айынан террордук уюмдарга азгырылып кетет.

"Жумушсуздук, жакырчылык, социалдык жактан корголбой калышы жаштардын террордук жана экстремисттик уюмдарга ооп кетишинин негизги себеби болууда. Биз ШКУга кирген өлкөлөрдүн социалдык потенциалын өнүктүрүү маанилүү деп эсептейбиз", — деди Тажикстандын президенти.

Ирандын президенти Хасан Рухани - Sputnik Кыргызстан
Иран президенти АКШ бийлигин катуу сындады
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити жыйынтыкталды. Ага катышуу үчүн жана байкоочу катары Кыргызстанга тогуз президент жана эки премьер-министр келген.

ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Sputnik Кыргызстан саммиттен тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0