05:40 25 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6300
  • EUR95.4498
  • RUB1.0544
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (61)
107 0 0

Сооронбай Жээнбеков интернет айдыңындагы коркунучтар боюнча маселе көтөрдү.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков интернет айдыңындагы жалган маалыматтар менен күрөшүүгө чакырды. Мындай пикирин ал ШКУ саммитинде сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчы маалыматтык коопсуздукту камсыздоо ШКУнун күн тартибинде каралчу маанилүү маселе болушу керектигин белгиледи.

"Азыркы замандын талаптары боюнча мамлекеттин коопсуздугуна интернет айдыңы орчундуу коркунуч жаратып жатат. Көпчүлүк учурда туура эмес, адаштырган жана жалган маалыматтар таратылып, негативдүү маанай жаратууда", — деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошондой эле мамлекет башчы IT технологиялары кылмыштуулук, террордук жана аскерий-саясий максатта колдонулуп жатканын белгиледи.

Шанхай кызматташтык уюмуна 8 мамлекет — Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Ал эми Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия байкоочу катары катышат.

ШКУ саммитинин өтүшү боюнча кенен маалыматты Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан таба аласыздар.

Тема:
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (61)

Тема боюнча

Жээнбеков жабык эшик артында президенттер эмнени сүйлөшкөнүн ачыктады
Жээнбеков Токаевдин жеңиши кандай мааниге ээ экенин айтты
Белгилер:
президент, коопсуздук, интернет, ШКУ, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ