Баламдын табарсыгы жарык, заарасы токтобойт. Операцияга акча издеген келин

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКыргызстанка Наргиза Жолдошева
Кыргызстанка Наргиза Жолдошева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31 жаштагы Наргиза Жолдошева учурда уулунун илдети менен алышып, операция жасатууга каражат издеп жүргөн кези. Баласынын табарсыгы жарык төрөлгөндүктөн, заарасы токтобой, агып турат экен. Ага кошумча ал арабада отурат.

11 жылдан бери баласынын бул түйшүгү менен алышып, аны дарылатып бутуна тургузууга аракет кылып жүргөн жалгыз бой келиндин тагдыры менен кабарчыбыз таанышты.

Наргиза кеңсебизге келип, айласы кеткенде элден жардам сурай баштаганын айтты.

— Уулуңуздун дарты тууралуу айтып бериңизчи?

— 2007-жылы Жалал-Абад облусуна турмушка чыктым. Өзүм негизи Кара-Балтадан болом. Жолдошум ала качып кетип, "таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп калдым. 2008-жылы көз жардым. Уулум табарсыгы жарык төрөлдү, ал аз келгенсип, дарыгерлер жамбашын чыгарып алгандыктан, баспай, арабада отуруп калды. 

© Фото / Наргиза ЖолдошеваНаргиза Жолдошева: уулум табарсыгы жарык төрөлдү, ал аз келгенсип, дарыгерлер жамбашын чыгарып алгандыктан, баспай, арабада отуруп калды.
Баламдын табарсыгы жарык, заарасы токтобойт. Операцияга акча издеген келин - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Жолдошева: уулум табарсыгы жарык төрөлдү, ал аз келгенсип, дарыгерлер жамбашын чыгарып алгандыктан, баспай, арабада отуруп калды.

— Эмнеден улам табарсыгы жарык болуп төрөлдү? Дарыгерлер себебин айтыштыбы?

— Алты айлык кош бойлуу кезимде музоо сүзгөн. Ошол убакта баланын табарсыгы жарылып кеткен окшойт дешти. Ага кошул-ташыл тумоологом. Ошонун баары түйүлдүккө таасир этиптир.

Буга чейин Кыргызстандын дарыгерлери эки жолу чакан операция жасашты. Анда табарсыкка инфекция кирбесин деп убактылуу эле жаап коюшкан. Негизи этап менен операция кылдырса жакшы болот экен. Бирок андай операция Кыргызстанда жасалбайт дешти. Москвага барып дарыгерлер менен жолугуп сүйлөшсөк, баш аягы 7000 доллардай каражат керек экенин айтышты. Ошол каражатты азыр издеп, чогултуп жатам. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНаргиза Жолдошева: уулумдун операциясына акча чогултуу үчүн Түркияга барып иштеп келдим. Бирок көпкө жүрө алган жокмун.
Баламдын табарсыгы жарык, заарасы токтобойт. Операцияга акча издеген келин - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Жолдошева: уулумдун операциясына акча чогултуу үчүн Түркияга барып иштеп келдим. Бирок көпкө жүрө алган жокмун.

— Жолдошуңуз барбы?

— Ажырашып кеткенбиз. Негизи өзүм дагы майыптыгы бар адаммын. Башкача айтканда, оң колум жакшы көтөрүлбөйт. Ошого байланыштуу оор жумуштарды жасай алчу эмесмин. Турмушка чыккандан кийин кайненем "же уй саай албайсың, же оокат кылбайсың" деп кемсинте бергенинен шаарга кетип калгам. Бирок жолдошум кайра артыман келип жарашып, уулдуу болдук. Күйөөмдүн жумушуна карап Россияга да барып келдим. Бирок чогуу жашай албай койдук...

Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти - Sputnik Кыргызстан
Ак-Суу: 20 жылдыктар жардамга муктаж үй-бүлөгө там салып берди. Сүрөттөр
Ошол кезде кайра боюмда болуп калыптыр. "Алдырам" деп Кыргызстанга келсем апам "мен деле карап берейин, уулуңа шерик болсун" деп алдыртпай койду. Ошентип экинчи баламды төрөдүм. Анын, кудайга шүгүр, алты саны аман. Бир аз торолуп, тамак ичип калгандан кийин кичүүсүн апама, улуусун эжеме каратып коюп уулумдун операциясына акча чогултуу үчүн Түркияга барып иштеп келдим. Бирок көпкө жүрө алган жокмун, кайра келип Бишкектеги 6-төрөт үйүнө санитарка болуп кирип алдым.

Ошол жакта иштеп жүргөндө дарыгерлер менен сүйлөшүп Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборуна уулумду операция жасаттырдым. Баламдын дартын көргөндө дарыгерлер "оор" экен деп бири-бирине жиберип кача беришет.

Азыр балдарга карап эч жакта иштебей калдым. Өкмөттөн майыптыгы бар балдарды карагандарга айлык төлөнүп калбадыбы. Ошол себептен уулумду карап үйдөмүн. 

© Фото / Наргиза ЖолдошеваНаргиза Жолдошева: айла кеткенден элге кайрылып жатам. Эптеп каражат топтоп, баламды бастырып алсам деген үмүтүм чоң...
Баламдын табарсыгы жарык, заарасы токтобойт. Операцияга акча издеген келин - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Жолдошева: айла кеткенден элге кайрылып жатам. Эптеп каражат топтоп, баламды бастырып алсам деген үмүтүм чоң...

— Балаңыз азыр канчага чыкты, табарсыгы жарык болсо кантип заара кылат?

Эки келини тең төрөттөн каза болгон Айымбүбү апа: төрт неберем менин колумда - Sputnik Кыргызстан
Эки келини тең төрөттөн каза болгон Айымбүбү апа: төрт неберем менин колумда
— 4-классты бүттү. Буга чейин Беловодское айылындагы мектепте окучу. Ал жактан мектепке араба менен барып келип кадимки балдардай эле билим алчу. Заарасы булактай болуп эле такыр токтобойт. Ошол себептен дайыма памперс кийип жүрөбүз. Мектепке барып жүргөн убагында эки саат сайын алмаштырып, дайыма жанында болчумун. Кийин тез-тезден дарыгерлерге көрсөтүш керек болуп шаарга көчүп келдик. Азыр батирде турабыз. №57 мектептин карамагында, үйдөн окуйбуз. Негизи балама мектепке барып, балдар менен чогуу отуруп окуган жагат, бирок мектеп жетекчиси өзүнө кыйын болуп калат деп үйдөн окутууну туура көрдү. Мугалим эжелери бөлүнгөн убакытта келип сабак өтүп кетишет.

Өзү сабактарды аябай жакшы окуйт, зирек. Кийин дарыгер болгусу келерин айтат, футболго да кызыгат. Акыл-эси, баары жакшы. Болгону табарсыгы менен баспаганы эле кыйнайт.

Уулумду операция жасатып бутуна тургузуп алсам жакшы болот эле. Алган жөлөк пулубуз тамак-аш, батирдин акысынан ашпайт. Анын үстүнө бизге памперс да түтпөйт.

Айла кеткенден элге кайрылып жатам. Эптеп каражат топтоп, баламды бастырып алсам деген үмүтүм чоң...

Жаңылыктар түрмөгү
0