Мэрия сатылып кеткен 5 гектар жерди Бишкектин менчигине кайтарып алды

Жазылуу
"Бишкек автокомбинаты" банкрот деп табылгандан кийин жер жеке тараптарга 9 миллион 461 миң сомго сатылып кеткен.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Бишкек автокомбинаты" жайгашкан 5 гектар жер тилкесин муниципалдык меничикке кайтарып алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук соту аталган жерди жеке тараптарга сатуу боюнча келишимди мыйзамсыз деп тапты.

"Бул тилке стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелет. Ал жерде кампалар (666,4 чарчы метр), өндүрүш имараттары (8001,3 чарчы метр) жайгашкан. Автокомбинаттын аймагынын 0,258 гектары беш жылга, калганы белгисиз мөөнөткө чейин колдонууга берилип кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Выезд на ипподром Ак-Кула мэра Бишкека Азиза Суракматова - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкектеги паркты жаңылайт
Аны сатуу иштери мыйзамсыз негизде болуп, 2015-жылдын 22-декабрында мэрия сотко кайрылган.

Ушул жылдын 1-февралында райондук сот ишти мэриянын пайдасына чечип берип, өкүм күчүнө 3-апрелде киргени айтылат.

Мэриянын билдиргенине караганда, "Бишкек автокомбинаты" банкрот деп табылгандан кийин, атайын администратор жерди жеке тараптарга 9 миллион 461 миң сомго сатып жиберген.

Шаар жетекчилиги аталган жерди 10-июнь күнү кайрадан өзүнө каттатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0