Путин менен Си Цзиньпиндин ортосунда концерт көрүп отурган Жээнбеков. Фотофакт

Жазылуу
Кечээ, 13-майда кечинде, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен "Достук кербени" аттуу майрамдык гала-концерт коюлду. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Концерт эки саатка жакын убакытка созулуп, аны ШКУга мүчө мамлекет башчылары башынан аягына чейин көрүштү. Сүрөттөн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлүк кесиптештеринин ортосунда отурганын көрүүгө болот. 

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКонцерт эки саатка жакын убакытка созулуп, аны ШКУга мүчө мамлекет башчылары башынан аягына чейин көрүштү
Путин менен Си Цзиньпиндин ортосунда концерт көрүп отурган Жээнбеков. Фотофакт - Sputnik Кыргызстан
Концерт эки саатка жакын убакытка созулуп, аны ШКУга мүчө мамлекет башчылары башынан аягына чейин көрүштү

Белгилей кетсек, саммиттин расмий бөлүгү 14-июнда башталат. ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Бүгүн ШКУга төрагалык кылуу укугу Кыргызстандан Россияга өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0