"Коопсуз шаардын" камералары саммит учурунда кайра иштей турган болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовПроект "Безопасный город" в Бишкеке
Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ИИМдин маалымат кызматы 12-июндан 15-июнга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусунда саммит өтүп жаткан кезде "Коопсуз шаардын" камералары өчүрүлөрүн кабарлаган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Коопсуз шаардын" камералары кортеж өткөн маалда гана өчүрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, буга чейин ИИМдин маалымат кызматы 12-июндан 15-июнга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусунда саммит өтүп жаткан кезде "Коопсуз шаардын" камералары өчүрүлөрүн кабарлаган.

"Камералар кортеж өткөн көчөлөрдө гана иштебейт. Тагыраагы, кортеж өтүп бараткан маалда гана өчүрүлөт. Калган убакта камералар штаттык режимде иштейт", — дешти ЖКККББдан.

Органдын маалымат кызматы айдоочуларды жол эрежесин бузбоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0