Жээнбеков Кытайда жашаган азчылыктагы улуттар маселесин кеп кылды

© AP Photo / Andy WongКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент бул "Кытайдын өзүнүн жеке, ички иши" деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бир катар күчтөр Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге доо кетиргиси келип жатат деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков.

Бул туурасында ал Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугуп жаткан учурда кеп кылды.

Эске салсак, Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугушуу мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүүдө.

Жээнбеков азчылыктагы улуттар маселеси "Кытайдын өзүнүн жеке, ички иши" деген пикирин айтты.

"Бир катар күчтөр биздин арабыздагы мамилеге доо кетирип жатат. Кытайда жашаган азчылыктагы улуттар боюнча маселе алардын, Кытайдын өзүнүн ички маселеси. Бул боюнча сиздин позицияңызды колдой турганымды дагы бир ирет айтып коёюн", — деди Жээнбеков.

Буга чейин 21-майда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга "Бир бүтүн Кытай" принциби үчүн айтылган колдоосуна ыраазылык билдирген.

12-июнда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген Си Цзиньпин ШКУнун мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Мамлекеттик сапардын алкагында кызматташуу боюнча 20, ал эми бизнес-форумдун соңунан кийин дагы 40 документке кол коюу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0