Эрте чыккыла! "Манас" аэропорту саммиттен улам жүргүнчүлөргө кайрылды

© Sputnik / Азат Акаев"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити болуп жатканына байланыштуу калаанын айрым жерлеринде жол кыймылына чектөө киргизилүүдө.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы 13-15-июнь күндөрү учуп кете турган жүргүнчүлөрдөн үйдөн эртерээк чыгууну суранат.

Эске салсак, бул күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити болуп жатканына байланыштуу калаанын айрым жерлеринде жол кыймылына чектөө киргизилүүдө.

"ШКУ саммити аягына чыккыча "Манас" аэропортунан "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына барчу жол маал-маалы менен жабылып турат. Андыктан каттамга кечигип калбаш үчүн жолго эртерээк чыгууңарды өтүнөбүз", — деп айтылат билдирүүдө.

Баса, ШКУга мүчө өлкөлөр башчыларынын саммитине байланыштуу кайсы көчөлөр жабыларын Sputnik Кыргызстандын материалынан көрүп алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0