Эреже бузса болобу? ШКУ саммити учурунда "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолго камера орнотуп жаткан кызматкерлер. Архив
Жолго камера орнотуп жаткан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШКУ саммити учурунда Бишкек менен Чүй облусунун бир катар көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда, 12-июндан 15-июнга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусундагы "Коопсуз шаардын" камералары өчүрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

"Бул күндөрү "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт. Бирок ар бир кесилиште инспекторлор турат", — дешти министрликтен.

Буга чейин ЖКККББнын маалымат кызматы 12-июндан 14-июнга чейин бир катар көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилерин кабарлаган. Тизмеси менен таанышып алыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0