Бишкектин чок ортосундагы эски үйдү ким "жаңылап" койгону айтылды

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуКиев көчөсүндө жайгашкан эски турак үй
Киев көчөсүндө жайгашкан эски турак үй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулар бийлик өкүлдөрү конок келер алдында гана жыртык-тешикти бүтөп калышат деп сынга алышууда.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бүгүн Киев көчөсүндө жайгашкан эски турак үйдүн маңдайы күлгүн баннер менен жабылышы социалдык тармакта талкууга түштү.

Интернет колдонуучулар ШКУ саммитинин алдында имарат оңдоп-түзөлбөгөнүнө нааразы болушкан.

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова ал жеке үй экендигин билдирди. Мэрия аны оңдоого түздөн-түз милдеттендире албастыгын, көрктөндүрүү эрежесин сактоого сунуш бере аларын белгиледи. Ошондой эле имаратта эки устакана бар экенин, адамдар жашабай турганын айтты.

1 млн. доллар кеткен. Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үй түрттүрүлүп жатат. Видео - Sputnik Кыргызстан
1 млн. доллар кеткен. Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үй түрттүрүлүп жатат. Видео
Алмамбетова имаратты атайын авариялык абалда көрсөтүп, ордуна бизнес-объект салгысы келгендер болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал Биринчи Май районунун акими үй ээлерине тегерек четин иретке келтирүү сунушун бергенин билдирди.

Баннерди жолдун берки өйүзүндөгү Bishkek Park соода борборунун жетекчилиги илдиргени белгилүү болду.

Аталган соода борбордун маалымат катчысы Батма Казакбаеванын айтымында, алар мэрия кызматкерлеринин кайрылуусунан кийин жардам берүүнү чечишкен.

"Биздин жетекчилик менен имарат ээсинин эч кандай байланышы жок. ШКУ алдында көмөк көрсөтөлү дедик. Убактыбыз аз эле, эки күн ичинде каркасын жасап, баннерин илдик", — деди Казакбаева.

ШКУ саммити 13-14-июнь күндөрү Бишкекте өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0