Жээнбеков Монголиядагы этникалык кыргыздардын маселесин көтөрдү

Жазылуу
Кыргызстан менен Монголиянын жетекчилери тарыхты талкуулашты.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Монголиянын өлкө башчысы Халтмаагийн Баттулга менен жолугушуу учурунда эки элдин жалпы тарыхы тууралуу кеп козгоду.

Белгилей кетсек, Баттулга Кыргызстанга 12-июнь күнү расмий сапары менен келди. Бул анын өлкөгө биринчи ирет келиши. Баттулга байкоочу өлкөнүн жетекчиси катары ШКУ саммитине катышат.

"Менин билишимче, Баян-Улгий аймагында этникалык кыргыздар жашайт. Иликтөө жүргүзүү үчүн илимий чөйрөнү тартууга кызыкдарбыз. Изилдөө эки элдин мындан да башка жалпылыктарын таап чыгарына ишенем", — деди Жээнбеков.

Өз кезегинде Баттулга көчмөн маданиятты сактоо жаатында бир катар иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, саммит 13-июнда башталат. Ага ондон ашык мамлекет жетекчилеринин келиши күтүлүүдө. Кыргызстандан кийин төрагалык Россияга өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0