Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүГосударственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию
Государственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент РФ лидеринин эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын белгиледи.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков РФ лидери Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков өз сөзүндө Россия бүгүнкү күндө туруктуу социалдык-экономикалык жана коомдук  саясий өнүгүүнүн, ошондой эле дүйнөлүк аренада өлкөнүн аброюн бекемдөөнүн үлгүсү экендигин  белгиледи.

"Кыргыз-орус мамилелерин тереңдетип кеңейтүүгө кошкон салымыңыз үчүн терең ыраазымын. Бул иштерге сиздин жеке катышууңуз эки тараптуу алаканын сапатын жакшыртып, ынтымакты бекемдеди. Мындан ары да эки өлкөнүн мамилеси оң нукта өнүгөрүнө ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков Путинге бекем ден соолук, жакшылык, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик, ал эми орус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эскерте кетсек, Россия күнү 1992-жылдан тарта белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0