00:45 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8460
  • EUR77.1205
  • RUB1.0841
Сотрудники МЧС раздают листочки об опасности купания без присмотра в Чуйской области

Түшүүгө тыюу салынат! Чүйдөгү айрым көлмөлөргө белги коюла баштады

© Фото / пресс-служба МЧС КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
188 0 0

Чүй облусунда эл эс алган 399 көлмө, каналдар бар.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Чүй облусунда атайын уруксаты жок, бирок жарандар болбой эле түшүп жүргөн көлмө жана каналдарга түшүүгө тыюу салган белгилер орнотулат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун адистери облустагы бардык суу объектилерин текшерип чыгып, ушул тапта 399 канал, көлмө жана бассейн бар экенин аныктады.

  • Сотрудники МЧС раздают листочки об опасности купания без присмотра в Чуйской области
    Чүй облусунда атайын уруксаты жок, бирок жарандар болбой эле түшүп жүргөн көлмө жана каналдарга түшүүгө тыюу салган белгилер орнотулат.

    Мындан тышкары, адистер көлмөлөргө жакын жерде жашаган элге чөгүп кетүү коркунучун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Сотрудники МЧС раздают листочки об опасности купания без присмотра в Чуйской области
    Өзгөчө бөбөктөргө сак болуу сунушталды.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Чүй облусунда атайын уруксаты жок, бирок жарандар болбой эле түшүп жүргөн көлмө жана каналдарга түшүүгө тыюу салган белгилер орнотулат.

"Анын ичинен 22си сууга түшүүгө ыңгайлаштырылган бассейндер. Облус тургундарынын коопсуздугу үчүн калган көлмө, каналдарга түшүүгө тыюу салынган белгилер коюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, адистер көлмөлөргө жакын жерде жашаган элге чөгүп кетүү коркунучун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө бөбөктөргө сак болуу сунушталды.

Тема боюнча

Шамырканов: эс алуучу жайлардын коопсуздугун Экотехинспекция текшерет
Белгилер:
Чүй облусу, ӨКМ, көлмө, канал

ЭҢ МААНИЛҮҮ