Кыргызстанда активдүү мигранттар үчүн жайкы лагерь иш алып барат

© AFP / LOIC VENANCEДетская больница в Париже
Детская больница в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуулар Ысык-Көлдүн жээгинде жана Жалал-Абаддын Сузак районундагы айылда өтмөкчү.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн ар түрдүү эреже, ыкмаларын айтып берген жайкы үйрөтүү лагерлери иштейт. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Катышуучулар өзүнүн чөйрөсүндөгүлөргө маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон, ошондой эле адам укуктарын жана эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын жайылтуу үчүн ар түрдүү ыкмаларды үйрөнүшөт.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кыз-келиндер Москвада таштап кеткен 6 бала Кыргызстанга кайтарылды
Буга мигрант болгон, коомдук лидер болууга жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр активдүү 40 жаран катышат.

Биринчи иш-чара 2019-жылдын 24-28-июнунда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Тосор айылындагы "Ак-Чий" эс алуу аймагында өтөт. Экинчи иш-чара 8-12-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сары-Булак айылында болмокчу.

Лагерлер эл аралык бир нече уюмдардын колдоосунда өткөрүлөт.

"Лагерде катышуучулар ыктыярдуулуктун, коомдук активдүүлүктүн, маалымат кампанияны уюштуруунун, мамлекеттин түзүлүшүнүн жана шайлоонун негиздерин үйрөнүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаралар командалык ыкмаларды өнүктүрүү боюнча өзүнчө сессиялар менен коштолору маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0