Атасы аким, агасы салыкчы. Чүйдүн жаңы башчысы Намазалиев жөнүндө фактылар

© Фото / пресс-служба полпред Чуйской областиПолпред правительства в Чуйской области Алтынбек Намазалиев
Полпред правительства в Чуйской области Алтынбек Намазалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист кыздын кебетесине асылган Чүй облусунун башчысы Туйгунаалы Абдраимов ээрден шыпырылып, анын ордуна 38 жаштагы Алтынбек Намазалиев дайындалды. Ал буга чейин Аламүдүн районунун акими болуп иштеп жүрүп, күтүлбөгөн жерден жогорку кызматка отуруп калганын айтат.

Намазалиев прокуратурада 10 жылдан ашуун эмгектенип, катардагы кызматкерден райондук прокурордун орун басарлыгына чейин жеткен. Учурда бир тууган агасы Салык кызматынын райондук башкармалыгын жетектейт. Атасы да мурда аким болгон.

Үй-бүлөсү, мамлекеттик кызматтагы агасы

Алтынбек Намазалиев 38 жашта, 17-майда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында туулган. 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Төрт баланын атасы, алар мектепте окушат. Келинчеги үй кожойкеси.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов - Sputnik Кыргызстан
Жашыруун маалыматты ачыктап салган. Эдил Байсалов тууралуу 6 факт
Төрт бир тууган (үч уул, бир кыз). Улуу агасы Азамат Намазалиев Мамлекеттик салык кызматынын Ленин райондук башкармалыгынын начальниги. Ага чейин Кемин райондук башкармалыгын жетектеген. Эмгек жолун Салык кызматынын Ысык-Атадагы бөлүмүнөн баштаган. Кичүү иниси айылда мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенет.

Атасы Абдисалам Намазалиев 1990-жылдары Ысык-Ата районунун акими болгон. Ал 53 жашында уулу Алтынбек студент кезинде каза болуп калган.

Көзөмөл органынан кетип, эл башкарууга өтүшү

Алтынбек Намазалиев эмгек жолун 2003-жылы университетте мугалим катары баштаган. 2005-жылы Бишкек шаарынын прокуратурасына стажер болуп кирип, прокурор, тергөөчү, өзгөчө иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген. Кийин Чүй районунун прокурорунун орун басары кызматын эки жыл аркалаган. 2016-жылы Жайыл районунун прокурорунун орун басары болуп 2-3 ай иштегенден кийин прокурордун милдетин бир ай аткарып жүргөн. Ошол маалда иштеги кемчиликтери үчүн ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаеванын буйругу менен кызматынан бошогон. Буга анын Кара-Балта шаардык кеңешин шайлоо учурунда "Азия-2" базарынын сатуучуларынын шайлоо укугунун бузулушуна көзөмөл жүргүзбөгөнү себеп болгон. Бирок өзү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшкөндө, мыйзамсыз иштен алынганын, ага саясаттын кесепети тийгенин айтты.

Андан соң эки жыл мамлекеттик кызматтан оолактаган. Былтыр эл башкарууга белсенип, 11-июнда Аламүдүн районуна аким болуп дайындалган. Туура бир жылдан кийин эле өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болду.

Күтүлбөгөн кызмат

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Намазалиев кызматка дайындалгандан кийин сүйлөшкөндө ээрге капыстан эле отуруп калганын билдирди.

"Мага сунуш өкмөттөн түштү. Аким катары бир топ үлгү болчу иштер аткарылган, балким, ошону эске алышкандыр, билбейм... Мен бул кызматка келем деп күткөн эмесмин", — деди ал.

Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Искендер Матраимовдун ишкер жубайы Минавар Жумаева тууралуу 5 факты
Эми биринчи кезекте региондорду өнүктүрүүгө басым жасап, жарыктандыруу, суу, жол маселесин колго ала турганын айтты. Ошондой эле көп улуттуу элдин ынтымагын чыңдоо да башкы маселе экенине токтолду.

"Аким болуп турганда бир топ иштерди жасагам, аны облуска жайылтайын деп жатам. Кудай буюрса, төрт айдын ичинде айылма-айыл кыдырып, аксакал, жаштар менен сүйлөшүп, кызматташууну колго алам. Ынтымак болсо баарына жетебиз", — деди Намазалиев.

Аким катары жасаган иштери

Намазалиев өзү башкарган Аламүдүн району 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун мыкты району аталганын билдирди.

Ошондой эле былтыр тарыхта биринчи жолу райондон 1 миллиард 191 миллион сом салык чогулган. Буга чейин бир миллиардга да жетпегенин айтууда. Бул ишкерлер менен жемиштүү мамиле түзүүнүн натыйжасы экенин белгиледи.

Ишкерлик менен алектенип...

Алтынбек Намазалиев прокуратурадан кеткенден кийин ишкерлик менен алектенип көргөнүн айтат. "Юргарант" компаниясынын аткаруучу директору болгон.

"Жеке ишкерлик менен алектендим, өзүмдү өнүктүрүү үчүн билим алдым, бирок баары бир мамлекеттик кызматкер экенбиз да жакшы эптеп кете албадым", — деди ал.

Мындан сырткары, анча көп эмес мал кармап, досторуна өнөктөш болуп жер иштете турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0