Чагымчылдык! Кеңешчиси Атамбаевдин айдоочулук күбөлүгү тууралуу үн катты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка Алмазбека Атамбаева в Баткенскую область
Рабочая поездка Алмазбека Атамбаева в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалган маалымат тараткандар эртели-кеч жооп берери белгиленди.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева анын айдоочулук күбөлүктөн ажыратылганы боюнча маалыматты төгүндөдү.

Белгилей кетсек, ЖКККББнын сайтында Атамбаевдин 238/1 беренесинин ("Транспорт каражатын мас абалында айдоо") негизинде айдоочулук күбөлүктөн ажыратылганы айтылган.

"Бул экс-президентке карата кезектеги чагымчылдык. Саясий оппоненттер эч нерседен кайра тартпай фейк маалыматтарды таратып, коомчулукту адаштырууда. Мындай чабуул бир жарым жылдан бери жүрүп келет. ЖКККББнын расмий сайтынын бузулушунун артына ким турушу мүмкүн? Менимче, бүгүн кимдин колунда чексиз мүмкүнчүлүктөр бар экенин элдин баары эле билсе керек", — деди Жолдубаева.

Ал жоопкерчилик деген нерсени да эстей жүрүү керектигин белгилеп, жалган маалымат тараткандар эртели-кеч жооп берерин кошумчалады.

Белгилей кетчү жагдай, Sputnik сайтына Атамбаевдин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылганы боюнча кабар чыккандан кийин ЖКККББнын сайтындагы маалымат алып салынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0