Шаар милициясы күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

Жазылуу
Ушу тапта борбор калаада күнү-түнү мобилдик посттор иштеп жатат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек ички иштер башкармалыгынын курамы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинен улам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады.

Эскерте кетсек, иш-чара 13-14-июнь күндөрү борбор калаада өтүп, ага бир катар мамлекеттердин башчылары келет.

"Милиционерлер үчүн эки күндөн бери үч этап менен профилактикалык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага 800дөй тартип сакчысы катышты. Шаарда күн-түн дебей мобилдик посттор иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

ШИИБ коомдук тартипке, тургундардын коопсуздугуна коркунуч жараткан жагдай тууралуу көрүп-билгендерди жакын жердеги милиция бөлүмүнө же 102 номери аркылуу кайрылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0