Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Россиялык алып баруучу кыргыз телесинин көйгөйлөрү тууралуу айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnikPro с российским тележурналистом Вадимом Такменевым
SputnikPro с российским тележурналистом Вадимом Такменевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис эгерде менчик контент 50 пайыздан аз болсо, анда ал ретранслятор же кинобудка экенин белгиледи.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Телеканалдагы пираттык программалар олуттуу көйгөй экендигин россиялык белгилүү теле алып баруучу Вадим Такменев кыргызстандык телеканалдардын өкүлдөрү менен жолугуп жатканда айтты.

10-июнда ал эл аралык SputnikPro программасынын алкагында мастер-класс өткөрдү.

"Телеканалдагы пираттык программалар — олуттуу көйгөй. Мындай көрүнүш токтотулушу керек. Телеканал берүүлөрүнүн жарымын өзүнүн программалары менен "жабат". Эгерде сенин контентиң 50 пайыздан аз болсо, анда өзүңдү ретранслятор же кинобудка деп эсептей бер", — деди Такменев.

Алып баруучунун айтымында, акчанын жоктугу башка телеканалдардын автордук укуктарын тоготпой, чоочун бирөөнүн контентин колдонууга шылтоо эмес. Ал чыгармачылык болсо көп акча деле керек эмес деп эсептейт.

"Бузова кайдан келди. Болбогон эле бир нерсе пайда болду, бирок ал аны чын жүрөктөн жасайт. Азыр Бузова — акчасы самандай сапырылган ханыша, мыктынын мыктысы деген курорттордо эс алат. Алгач акчалуу болуп, андан кийин гениалдуу программалар жасалат деген болбойт. Эгерде акчаң көп болсо, анда чыгармачылык жок", — деди теле алып баруучу.

Вадим Такменев ТЭФИ сыйлыгынын үч жолку чемпиону. Ал бир нече ирет россиялык телеканалдардын маалымат программаларынын мыкты алып баруучусу деп аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0