Теленин интернеттен артыкчылыгы көп. Россиялык журналисттин мастер-классы

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnikPro с российским тележурналистом Вадимом Такменевым
SputnikPro с российским тележурналистом Вадимом Такменевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Такменев телевидениенин интернеттеги активдешүүсүнөн улам аны алсыз болуп калды деген ой туура эмес экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Россиялык тележурналист Вадим Такменев телевидение менен интернеттин айырмачылыгы менен артыкчылыктарын SputnikPro эл аралык программанын алкагындагы Бишкекте өткөн мастер-класс учурунда айтып берди.

"Телевидениедегидей сапат азырынча интернетте жок, анан калса болору да азырынча күмөн", — деди Такменев.

Россиялык фотожурналист Владимир Песня - Sputnik Кыргызстан
Фотоаппаратсыз эле кантип жакшы сүрөт тартууга болот? Россиялык фотографтын кеңеши
Ал ошондой эле телевидениенин интернеттеги активдешүүсүнөн улам аны алсыз болуп калды деген ой туура эмес экенин баса белгиледи.

"Эгер каналдар Фейсбук менен Инстаграмдан баракча ачса, алар алсыз болуп жатат дегенди туюндурбаш керек. Интернет бул маалымат жеткирүүнүн дагы бир жолу", — деди Такменев.

Ал АКШдагы абалды мисал келтирди.

"Мурда "А" категориясындагы актёрлордун сериалдарга тартылышын элестетүү мүмкүн эмес болчу. Андай боло турган болсо аларды шылдыңдап, Голливуддун кинолоруна тартмак эмес. Эми алар телевидениеге чыгыш үчүн кезек күтүп турганын көрүп жатабыз", — деди тележурналист.

Вадим Такменев ТЭФИ сыйлыгынын үч жолку лауреаты. Бир нече жолу Россиядагы маалымат программаларынын мыкты алып баруучусу атыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0