ШКУ саммити: коомдук тартипке 1000дей милиционер көз салат

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников патрульной милиции в Бишкеке
Работа сотрудников патрульной милиции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммит учурунда уруксат берилбеген жерге токтотулган автоунаалар эвакуацияланат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкекте өтө турчу ШКУ саммити учурунда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коопсуздукту камсыздоо үчүн 1000ге жакын кызматкер тартылат. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

"Делегациялар өтө турган көчөлөр маал-маалы менен жабылат. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда иш-чара өтө турчу имараттардын жанында 12 эвакуатор иштейт. Уруксат берилбеген жерге токтотулган жана кароосуз калган автоунаалар эвакуацияланат", — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ ошондой эле айдоочуларга кайрылып, каршы тилкеге чыгып, жол тыгындарын жаратпоого жана башкаларга тоскоолдук кылбоого чакырат.

Эске салсак, 13-14-июнда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0