Ак-Суу: 20 жылдыктар жардамга муктаж үй-бүлөгө там салып берди. Сүрөттөр

© © SputnikАк-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти
Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майып тургундар жакын арада жаңы үйгө киребиз деп ойлогон да эмес.

ЫСЫК-КӨЛ, 10-июн. — Sputnik. Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти.

© © SputnikВыпускники 1999 года села Уч-Кайнар Ак-Суйского района Иссык-Кульской области построили дом для малоимущей семьи
Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти
© © SputnikВыпускники 1999 года села Уч-Кайнар Ак-Суйского района Иссык-Кульской области построили дом для малоимущей семьи
Сатканкул Жумалиев жана Элиза Зарылыкова экөө тең I топтогу майыптар болгондуктан, эч жерде иштеген эмес - Sputnik Кыргызстан
2/4
Сатканкул Жумалиев жана Элиза Зарылыкова экөө тең I топтогу майыптар болгондуктан, эч жерде иштеген эмес
© © SputnikВыпускники 1999 года села Уч-Кайнар Ак-Суйского района Иссык-Кульской области построили дом для малоимущей семьи
Экөө тең бала кезден эле сүйлөбөй калышкан - Sputnik Кыргызстан
3/4
Экөө тең бала кезден эле сүйлөбөй калышкан
© © SputnikВыпускники 1999 года села Уч-Кайнар Ак-Суйского района Иссык-Кульской области построили дом для малоимущей семьи
Үч баласы бар бул түгөйлөр көп жылдан бери ата-энелеринин эски үйүндө баш калкалап келет. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Үч баласы бар бул түгөйлөр көп жылдан бери ата-энелеринин эски үйүндө баш калкалап келет.
1/4
Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти
2/4
Сатканкул Жумалиев жана Элиза Зарылыкова экөө тең I топтогу майыптар болгондуктан, эч жерде иштеген эмес
3/4
Экөө тең бала кезден эле сүйлөбөй калышкан
4/4
Үч баласы бар бул түгөйлөр көп жылдан бери ата-энелеринин эски үйүндө баш калкалап келет.

Сатканкул Жумалиев жана Элиза Зарылыкова экөө тең I топтогу майыптар болгондуктан, эч жерде иштеген эмес. Экөө тең бала кезден эле сүйлөбөй калышкан. Үч баласы бар бул түгөйлөр көп жылдан бери ата-энелеринин эски үйүндө баш калкалап келет.

Үй куруп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы
Бүгүн алар жаңы үйлүү болушту. Ак өргөнүн ачкычын тапшыруу аземине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова, Ак-Суу районунун акими Акылбек Түкөбаев баш болгон жетекчилер, "Ак-Суу Арашан коомунун" мүчөлөрү жана айылдаштар катышты.

Аталган үй-бүлөнүн кызы Сатканкул кызы Керемет бүтүрүүчүлөр эки-үч ай мурда сунуш киргизгенде, ата-энеси абдан сүйүнгөнүн айтып берди. Жубайлар ушул айылдан, алар дудуктар үчүн атайын мектепте бирге окушуп, бири-бирин жактырып баш кошушкан. Алардын эки кыз, бир уулу бар. Улуусу 23 жашта болсо, кичүүсү 5-класста окуйт.

Бүлөнүн кубанычына ортоктош болгон айылдаштар жаңы үйгө жыгач-таш, жууркан-төшөк, идиш-аяк алып келип беришти.

Жакшы иш жасаган 14 бүтүрүүчүнүн бири Максат Тороев демилге апрель айында көтөрүлгөнүн айтат.

"Биз 20 жылдык иш-чарабызды кандай өткөрөбүз, айылыбызга кандай жакшы иш жасап беребиз деп талкуулуп, акыры ушул бир үй-бүлөгө кубаныч тартуулайлы дедик. Үйдү орозо маалында тапшыралы дегенбиз. Кичине кечиктик. Курулушту бир жарым айда бүтүрдүк. Биздин ишти кийинки муун улантат деп ишенебиз", — деди ал.

Үй 350 миң сомго чукул каражатка курулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0