4 тил билгениме сыймыктанбайм деле. КРдин атынан БУУга бараткан Батырбекова менен маек

© Фото / предоставлено Акылай БатырбековойСтудентка Акылай Батырбекова, будет представлять Кыргызстан на сессии ООН
Студентка Акылай Батырбекова, будет представлять Кыргызстан на сессии ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл 22 жаштагы Акылай Батырбекова Кыргызстандын жаштарынын атынан Бириккен Улуттар Уюмунун отурумуна катышат. Төрт тилде эркин сүйлөгөн студент кыз азыр Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда магистратурада билим алып келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө атынан бара турган ал өкүл кандай маселелерди көтөрө тургандыгына кызыгып, маек курду.

— Кыргызстандын жаштарынын атынан Бириккен Улуттар Уюмуна өкүл болуп барганы жатыпсыз. Ага сынак менен тандалган турбайсызбы? Кандай сезим болду?

— Сынактын жыйынтыгын өтө кубануу менен кабыл алдым. Анткени Кыргызстандын атынан Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын отурумуна барам. Мен ага чейин БУУнун башка моделдерине катышып келгем. Ал иш-чараларга салыштырмалуу мындай мүмкүнчүлүк мен үчүн чоң кубаныч жана сыймык.

— Ал жактан сиз доклад окуп, Кыргызстандын атынан сүйлөйсүз. Даярдыктар кандай болуп жатат?

— Акырындап даярданып, керектүү маалыматтарды чогулта баштадым. 

© Фото / предоставлено Акылай БатырбековойБир нече тилде эркин сүйлөгөн студент Акылай Батырбекова азыр Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда магистратурада билим алып келет
4 тил билгениме сыймыктанбайм деле. КРдин атынан БУУга бараткан Батырбекова менен маек - Sputnik Кыргызстан
Бир нече тилде эркин сүйлөгөн студент Акылай Батырбекова азыр Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда магистратурада билим алып келет

— Эмне жөнүндө кеп козгоюн деп жатасыз?

Кыргызстандык ишкер Токтобек Акматов - Sputnik Кыргызстан
700 долларга эч ким иштебейт. Кыргызстандык ишкердин Гуанчжоудагы турмушу
— Албетте, ар бир катышуучу өз өлкөсүнүн атынан барат. Ар бири өзүнүн жаштарга, билим берүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрүн айтат. Мен ага биринчи жолу катышып жаткандыктан башкалардын билдирүүлөрүн тыңдайм. Анан сөзсүз жаштардын өкүлү болуп катышып жаткандыктан кыргызстандык жаштардын көйгөйлөрү, аларды чечүү жолдору жөнүндө сөз кылам. Канткенде келечек муун өз максаттарына жетип, кантип мамлекетти жакшы жагына өзгөртө алат деген маселелерге басым жасайм.

— Сиз буга чейин эле бир топ эл аралык конференцияларга катышып калган экенсиз.  Америка, Швеция, Швецарияга чейин барыптырсыз...

— Окуудан сырткары эл аралык иш-чараларга колдон келишинче катышууга аракет кылам. Кээде мени чакырса, дагы бирин өзүм таап өтүнмө жиберем. Болушунча активдүү болууга аракет кылам.

— БУУнун отурумуна барууда каржы маселеси кандай чечилет экен?

— Негизи Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги донор издөөгө көмөктөшөт. Бирок азырынча ал маселе так белгисиз. Кыргызстандын атынан барып жаткандыктан мамлекеттик органдар жардам берет деп ойлойм.

— Азыркы билим алып жаткан жериңиз жөнүндө сөз кылалы. Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна кантип өтүп кеттиңиз эле? Көптөр ал ЖОЖдо байдын уул-кыздары гана окушат деп ойлошот...

— Чындыгында Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту престиждүү окуу жайлардын бири жана ага өтүү оңой эмес. Азыр эл аралык финансылык укук адистиги боюнча магистратураны окуп жатам. Ага чейин ошол эле ЖОЖдо эл аралык экономикалык мамиле багыты боюнча бакалавриатты аяктагам. Ар жыл сайын Россия Федерациясы алты квоталык орунду Кыргызстандын жарандары үчүн берет. Мен Бишкекте ошол орундарга жарыяланган сынакка катышып, ийгиликтүү тапшырып өтүп кеткем. Ата-энем анчалык деле бай адамдар эмес, орто жашашат. 

© Фото / предоставлено Акылай Батырбековой"Бишкекте жарыяланган сынакка катышып, азыркы окуу жайга өтүп кеткем. Ата-энем анчалык деле бай адамдар эмес, орто жашайт", — деди Акылай Батырбекова.
4 тил билгениме сыймыктанбайм деле. КРдин атынан БУУга бараткан Батырбекова менен маек - Sputnik Кыргызстан
"Бишкекте жарыяланган сынакка катышып, азыркы окуу жайга өтүп кеткем. Ата-энем анчалык деле бай адамдар эмес, орто жашайт", — деди Акылай Батырбекова.

— Үч чет тилде эркин сүйлөйт экенсиз, ушул деңгээлге кантип жеттиңиз?

— Түрк тилин түрк лицейде окуп жүргөндө, англис тилин мектепте, кийин жогорку окуу жайда үйрөнгөм. Немис тилин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда жүргөндө тандагам.

— Чет тилдерде эркин сүйлөп, учурда дүйнөдөгү күчтүү жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жатасыз. Студенттер менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кандай кеңеш бересиз?

Города мира. Доха - Sputnik Кыргызстан
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек
— Менимче, азыр үч-төрт чет тилде эркин сүйлөйм деп мактанып, кыйын боло албайсың. Студенттер, бүтүрүүчүлөр, чет тилдерге катуу басым жасап үйрөнгүлө. Анткени азыр жер бетинде ааламдашуу болуп өлкөлөр бири-бири менен тыгыз байланышта. Менин оюмча, чет тилдерди билүү адамдын өсүп-өнүгүүсүнө өтө чоң таасир этет. Анан ар тараптан алдыга жылып, туура максат коюп ага жете билүү абзел. Жашоодо ар бир адам жаңылат, кыйынчылыктарга учурайт. Ошол тоскоолдуктарда токтоп калбай, талыкпай эмгектенип, көп китеп окуу керек.

— Окууну аяктагандан кийин Кыргызстанга эле кайтып келип иштейсизби?

— Кыргызстанга кайтууга болгон аракетимди жумшап, чет жакта топтогон билимимди өз өлкөмдө колдонгум келет. Буюрса, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өз салымымды кошом.

Жаңылыктар түрмөгү
0