Asia Mall соода борборунан элди эшикке эмнеге чыгарышты? Администрациянын жообу

© Sputnik / Эмиль СадыровПроспект Чингиза Айтматова в Бишкеке
Проспект Чингиза Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордун кызматкери окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бүгүн түштө Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунун кардарлары менен кызматкерлери өрт чыкты деген маалыматтан улам сыртка чыгарылды.  Бул тууралуу Telegram-каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасынын мүчөсү билдирди. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны менен байланышканда окуя бүгүн, жекшембиде, саат 13.20лар чамасында болгонун айтты.

"Үн күчөткүч аркылуу өрт коркунучу жаралганын айтып, баарыбызды сыртка чыгарышты. Кардарлар менен катар кызматкерлер дагы эшикте турду", — деди ал.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү. 

Ал эми аталган соода борборунун коммерциялык бөлүмүнөн дүкөндөрдүн биринде өрт сигнализациясы иштеп кеткенин айтышты.

"Бутиктердин биринде сигнализация иштеп кетти. Текшерип чыккан соң техникалык мүчүлүштүктөн гана болгону аныкталды", — деди бөлүмдүн кызматкери.

Анын айтымында, учурда борбор штаттык режимде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0