Жазуучу жана драматург Мырзабек Тойбаев дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественное возложение цветов к памятнику блокадникам в парке Победы имени Даира Асанова
Торжественное возложение цветов к памятнику блокадникам в парке Победы имени Даира Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум менен эл Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эртең коштошот.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мырзабек Тойбаев кечээ, 8-июнда, 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу КР Улуттук жазуучулар союзунан кабарлашты.

Маркум менен эл Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коштошот.

Филология илимдеринин кандидаты, илимпоз, театр сынчысы Мырзабек Тойбаев ондогон поэтикалык, прозалык жана курч публицистикалык чыгармалары менен бирге бир топ драматургиялык чыгармаларды элге тартуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0