Дүйнөлүк мода тармагына аралаштык! Жээнбеков жеңил өнөр жайчыларды куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония награждения многодетных матерей президентом Сооронбаем Жээнбековым
Церемония награждения многодетных матерей президентом Сооронбаем Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-июнь - Кыргызстандын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, Кыргызстандын жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Президент өз куттуктоосунда жеңил өнөр жайы өлкө экономикасынын өтө маанилүү тармагы экенин баса белгилеген.

"Бүгүн тармактын продукциясы дүйнөлүк рынокто атаандаша алат жана өлкөнүн экспортунун маанилүү бөлүгүн түзөт. Кыргызстанда дизайнерлик чеберчиликтин өнүгүшү дүйнөлүк мода жана искусство индустриясында таанылды. Эми биздин алдыбызда кластердик мамилеге басым жасоо менен өндүрүштүн натыйжалуулугун арттыруу милдети турат", — деп айтылат куттуктоодо.

Сөзүнүн соңунда Жээнбеков атамекендик жеңил өнөр жайын түптөгөн ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирип, ар бир кызматкерге  ден соолук, ийгиликтерди жана бакубатчылык каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0