Белгилүү режиссер, оператор Нуртай Борбиев дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековКР Эл артисти Нуртай Борбиев. Архив
КР Эл артисти Нуртай Борбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал көп жыл атамекендик кино тармагында эмгектенип, ондогон тасма жараткан.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. КР эл артисти Нуртай Борбиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу кабарлады.

Маалыматка ылайык, белгилүү режиссер, оператор 8-июнда узакка созулган оорудан улам 82 жашында кайтыш болду. Ал көп жыл атамекендик кино тармагында эмгектенип, ондогон даректүү тасма тарткан.

Андан сырткары, "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Маңкурт", "Кошой таш" көркөм тасмаларын жаратып, "Көчө", "Саманчынын жолунда" роль аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0