Кош бойлуу кезимде башкага үйлөнгөн күйөөм эми кызды талашууда. Аялдын каты

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATБала көтөрүп турган аял. Архив
Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында көп жыл мурда ажырашкан жолдошуна кызын алдырып иемби деп коркуп жүргөн келиндин каты жарыяланды.

...Бир нече жыл мурда жашоомдо чукул бурулуш болгон. Анын кесепети азыркыга чейин артымдан калбай, санаага салып жаткан кез. Окуяны башынан айтып берейин.

Жолдошум экөөбүз башкалардай эле бири-бирибизди жактырып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Бирок келин болуп барган күндөн тарта күйөөмдөн мурдагы жылуу сезимдерди сезбей калдым. Негизгиси кайненеме такыр жакпай койдум. Түштүктөнсүң дегенсип кагып-силкип, жасаган ишимди, тамагымды жактырбай, сындаганын койбоду. Көрсө, кеп менин жамандыгымда эмес экен. Тагыраагы, жолдошум "апасы айткан кызды" албай коюптур.

Как устроить ссору, чтобы улучшить жизнь - Sputnik Кыргызстан
Үйлөнөрүм менен көңүлдөш таап, кол үзө албай жүрөм. Эркектин каты
Айлар өтүп, жаз келди... Адатымча жер кургап кете электе пияз, укроп сыяктуу ар кандай көк-сактарды айдап жатсам, кайненем келип: "Биз чөп жебейбиз, андан көрө үйдү жыйнабайсыңбы?!" - деп бир тийип, сатып келген уруктарды чачып ийди.

Ызама чыдабай, үйгө кирип ыйлап отурсам, артымдан күйөөм баш бакты. Аны колдойт го деген үмүт менен окуяны айтып берип, кучактап бышактап кирдим. Бирок ал кайра мени күнөөлөп: "Тыбырабай жөн эле отурбайсыңбы",- деп кага сүйлөп сыртка чыгып кетти. Ошол күндөн баштап күйөөмө муздап калдым. Бирок курсакта түйүлдүк бар эле...

Бир күнү кайненем ичиндеги сырды ачып, болгонун бетиме айтты. Көрсө, ал келиндикке тандаган кыз дагы деле күйөөгө тие элек экен. "Мен балама акыры аны алып берем. Чаң салбай, сыйың менен кетип кал",- деди. Таң калып отурсам, жолдошум жумуштан келип, ого бетер нес кылды. Алар бир нече күн мурда барып, ал кызга сөйкө салып келишиптир. Ошол сөздү укканда башым айланып, көзүм караңгылай түштү. Туугандарыма айтып, боюмдагы жети айлык бала менен күйөөмдүн үйүнөн чыгып кеттим.

Азыр кызым жетиге толду, быйыл мектепке барат. Өткөндө баягы күйөөм кызыма көчөдөн жолугуп, атасы экенин айтып, алып кетем дептир. Аны уккандан бери жаным жай албай калды. Боюмда бар экенине карабай, баланын убалынан коркпой туруп үйүнөн чыгарып койгон адам эми кантип мээрим төгө алат? Кызым кичине болуп, мен кыйналып турган кезде бир дагы жолу кызыгып койгон эмес. Азыр турмушубуз жолго түшүп калганда пайда болгонуна жиним келип жатат. Кызга жолобосун деп милицияга арыз жазып койсомбу? Кыскасы эмне кыларымды билбей турам.

Саадат Сыдыкова, психолог:

Тематический парк Isla Magica в Андалусии - Sputnik Кыргызстан
Бир түнөгөндөн кийин эле кыз жакпай калат, эми үйлөнбөй каламбы? Жигиттин каты
— Бул үй-бүлөнүн тагдырына жигиттин апасы таасир этип койгон экен. Айрым ата-энелер "канткенде балам бактылуу болорун мен билем" деп ойлоп, анын бойго жеткенине карабай жашоосуна активдүү кийлигишкенге аракет кыла берет. Чындыгында ата-эне менен баланын бактылуулук жолу эки башка. Андыктан, баланын ордуна чечим кабыл алуудан оолак болгон туура.

Каттын автору жалгыз бой калганына карабай кызын төрөп, аны чоңойтуп, эл катарына кошкону кубандырат. Дагы бир көңүл жылыткан нерсе — атасынын акылга келип, кызын издеп тапканы. Келиндин жан дүйнөсүндөгү кыжалатты түшүнүп турам. Убагында көңүл калуу, таарыныч болгон. Бирок ата-эненин мамилеси үчүн бала азап тартпашы керек. Кыз атасы менен чогуу жашабаса дагы маал-маалы менен сүйлөшүп, жан дүйнөсүндөгү "ата" деген боштукту толтурушу керек. Антпесе, атасыз чоңоюу - кыздын келечек турмушуна терс таасир этип коюшу ыктымал. Анткени кыз кийин жигит менен мамиле куруп же болочок жолдошун тандаарда атанын жоктугу роль ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0