04:25 19 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
В аэропорту Оша торжественно встретили первый рейс Алматы — Ош — Алматы авиакомпании QAZAQ Air. 7 июня 2019 года

Алматы — Ош каттамы менен биринчи жүргүнчүлөр келип конду

© Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт "Манас"
Коом
Кыскача шилтеме алуу
21420

Ал эми аэропортко кыргыз же казак улуттук кийими менен келгендер Алматыга бекер учушту.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропорту бүгүн, 7-июнда, QAZAQ Air компаниясынын Алматы — Ош — Алматы каттамын кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" аба майданынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Bombardier Q400 NextGen учагы менен 64 жүргүнчү келди.

"Биринчи рейстин жүргүнчүлөрүн Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчиев, Казакстандын Оштогу консулу Данияр Атанов, QAZAQ Air компаниясынын өкүлү Адель Даулетбек, КР ТИМинин өкүлдөрү жана "Манас" аэропортунун Оштогу филиалынын директору Талантбек Ысаков тосуп алды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Ош — Алматы рейсине жүргүнчүлөрдү каттоо майрамдык иш-чара менен коштолгон. Буга чейин эгер жүргүнчүлөр каттоого кыргыз же казак улуттук кийими менен келсе, Оштон Алматыга бекер учушары айтылган. Натыйжада бүгүн, 7-июнда, төрт киши талапты аткаргандыктан бекер учушту.

Тема боюнча

Аэропорт — тойкана эмес! Аба майданында жана учакта жүрүү боюнча 10 кеңеш
Белгилер:
авиарейс, Алматы, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ