Нигматулин менен Турсунбаеванын "кырчын өмүрү, кыйылган сүйүүсү". Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү киноактер Талгат Нигматулин менен актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү 1981-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ал жылы режиссер Мелис Убукеев "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" тасмасын тарта баштаган.

Сүрөттүн автору Александр Федоровдун айтымында, чыгармачыл инсандар ал киного актерлорду тандап жатканда (кинопроба) тартылган.

Нигматулин менен Турсунбаеванын ошол кездеги ишмердүүлүгүн режиссер Болот Шамшиев мындайча эскерет.

"Мелис Убукеевдин тасмасы тартылгандан кийин мага Талгат өзү келип "Бөрү зынданга" тартылууну суранган. Башкы ролду берип чогуу иштешип калганбыз. Ошол аткарган образынан кийин ал атак-даңкка жеткен. Таланттуу актер бир сектанын курмандыгына айланып эрте кайтыш болду. Ал эми Таттыбүбү Турсунбаева да кайталангыс талант эле. Азыркыга чейин аныкындай сулуулугу менен таланты айкалышкан актриса жарала элек. Чыныгы элдин сүймөнчүлүгү болгон Таттыбүбү чыгармачылыгы оргуштап турган кезинде бул дүйнө менен кош айтышты. Мен режиссер катары экөө менен тең иштешип калдым. Биз чындыгында Турсунбаева жөнүндө татыктуу тасма тарта албай жатабыз", — деди Шамшиев.

Сүйүү, жагынуу, адамдардын тагдырын чагылдырган тасма тартылып жаткан маалда Нигматулин 32, Турсунбаева 37 жашта болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0