Өлкөнүн 20 шаарында "Балдардын оюн кербени" өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Балдардын оюн кербени". Архив
Балдардын оюн кербени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун алкагында спорттун 25 түрү боюнча мелдештер болот.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын жети облусунда бир ай бою "Балдардын оюн кербени" өткөрүлөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 6-июнда Ошто башталган иш-чара 6-июлга чейин Кыргызстандын 20 шаарын кыдырат.

Открытый чемпионат Жамбылской области по художественной и эстетической групповой гимнастике - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жаш гимнасттары эл аралык турнирде 14 медаль утту
Уюштуруучулар Маданият министрлиги, БУУнун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ), Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги болуп саналат.

Долбоордун алкагында спорттун 25 түрү боюнча оюндар өткөрүлөт. Ошондой эле Муса Жангазиев атындагы куурчак театры "Керемет көч" мультфильминин каармандарынан алынган "Туулган күн" аттуу спектаклин тартуулайт.

Оюндун максаты балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени улуттук оюндар аркылуу дагы да тереңдетүү, спортту балдар арасында жайылтуу жана өсүп келе жаткан муунга улуттук баалуулуктарды таанытуу болуп саналары айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0