09:44 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Россиялык тележурналист, ТЭФИ сыйлыгынын үч жолку лауреаты Вадим Такменев. Архив

Вадим Такменев: телевидение түбөлүктүү, интернет аны жок кыла албайт

© Sputnik / Владимир Трефилов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
84 0 0

Иш-чарага телеканалдардын жетекчилери, оюн-зоок программаларынын режиссер жана продюсерлери чакырылды.

БИШКЕК, 6-июн. Sputnik маалымат кызматы. Россиялык тележурналист, ТЭФИ сыйлыгынын үч жолку лауреаты Вадим Такменев 10-июнь күнү Бишкек шаарына SputnikPro программасынын алкагында келет.

Жолугушууда теледеги шоу-программалар, бул форматтын артыкчылык, кемчиликтери, теленин рейтинги жана интернет менен атаандаштыгы тууралуу баарлашуу болот. Ал "Телевидение түбөлүктүү, интернет аны жок кыла албайт" деп аталган темада өтмөкчү.

Иш-чарага телеканалдардын жетекчилери, оюн-зоок программаларынын режиссер жана продюсерлери чакырылды.

Вадим Такменев 1974-жылы Кемерово облусунда туулган. 6-классынан тарта жергиликтүү "Наш город" гезитинде иштеген. Мектепти бүткөн соң Кемерово мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырган. 1995-жылга чейин "Кузбасс" берүүсүнүн автору жана алып баруучусу болгон. 23 жашында НТВ каналынын Түштүк Россиядагы бюросун жетектеп калган. ТВ-6 жана ТВС (Германия) каналдарында эмгектенген. "Новейшая история" циклиндеги бир катар даректүү тасмалардын алып баруучусу.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстарынын долбоору. Чакырылгандар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Sputnik Кыргызстан — 32 тилде жарык көргөн мультимедиалык интернет-сайттардан турган эл аралык ири ЖМКнын бир бөлүгү. Ал өзүнө дүйнөнүн 90дон ашык шаарларында жана интернетте орус, англис, француз жана башка тилдерде сүйлөгөн радиолорду камтыйт.

Ал эми Sputnik жаңылыктар түрмөгү англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде окурмандарга күнү-түнү маалымат жеткирип турат. Sputnik маалымат ресурсунун окурмандарынын саны айына 60 миллиондон ашат. Sputnik China аккаунтунун Sina Weibo социалдык тармагындагы катталуучулардын саны 9 миллиондон ашты. Дүйнө жүзү боюнча Пекинден тарта Монтевидеого чейинки 22 редакциялык борборлордо ондогон улуттагы миңден ашык адам эмгектенет.

Тема боюнча

SputnikPro: Максутова: окурманга такталбаган маалыматты бербеш керек
Белгилер:
телеберүү, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ