Караколдогу айт намазда православ чиркөөсүнүн башчысы келгендерди куттуктады. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба полпредства Иссык-Кульской областиПраздничный айт-намаз в Караколе
Праздничный айт-намаз в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда быйыл Орозо 6-майда башталып, 4-июнда аяктады. 5-июнда өлкөнүн бардык аймагында айт намазы окулду.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Каракол шаарынын жана Ысык-Көлдүн православ чиркөөсүнүн башчысы отец Сергей калаадагы мечитке айт намазын окуу үчүн чогулгандарды куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Анын айтымында, отец Сергей Кыргызстандын православ чиркөөсүнүн атынан куттуктоо айткан.

Эске салсак, 5-июнда Кыргызстандын бардык аймагында айт намазы окулду. Бишкектеги айт намазга 50 миңден ашык киши келген.

Кыргызстанда быйыл Орозо 6-майда башталып, 4-июнда аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0