Кыргызстандын ЖОЖдорунда канча чет элдик жаран окуйт? Статистика

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКрымский федеральный университет имени В.И.Вернадского
Крымский федеральный университет имени В.И.Вернадского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик студенттердин ичинен Индиянын жарандары көп экени көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 2018-2019-окуу жылында 20 миңге жакын чет элдик студент окуду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

Билдирмеге караганда, өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткандардын 8,7 миңи КМШ өлкөлөрүнөн келгендер.

Ал эми индиялык студенттердин саны эң эле көп экени айтылат. Ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Россия жана Өзбекстандан келгендердин да саны арбын. Мындан сырткары, башка да бир нече мамлекеттен азыраак санда келип окуп жүрүшөт, алардын арасында 11 непалдык бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0