Мал союлбайт! Орозо айтты туура өткөрүүнүн жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке
Айт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Рамазан айы 4-июнда аяктап, Орозо айт 5-июнда боло тургандыгы кабарланды.

Кыргызстан дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратов Орозо айтты туура өткөрүүнүн жол-жобосу тууралуу айтып берди.

Айт-намаз по случаю Орозо айта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айт намаз кайда качан окулат? Программа
Аялдарды үй жумушунан бошотуу керек. Орозо айт — мусулмандардын майрамы. Бул күнү ар бир мусулман жуунуп-тазаланып, дасторконун колунан келишинче жайып, жакшы маанайда өткөрүшү керек. Тууган, кошуна, дос-тааныштарыныкына барып, мүмкүнчүлүгү болсо белек берсе андан жакшы. Бул күнү аялдарды үй жумушунан бошотуп, үй-бүлө мүчөлөрү чогуу майрамдаганы оң.

Бош болгонго аракет кылгыла! Бул күнү башка жумуштарды кое туруп жакындар менен айтташ керек. Эркектер эртең менен айт намазына барып, эки рекет намаз окуп, андан соң майрамдашат. Айт намазга бара жатканда ооз ачылды деген таризде оозго таттуу бир нерсе салып алса болот.

Кечирим сурашкыла! Араздашып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдар болсо, Орозо айтта кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.

Орозо айттын Курман айттан айырмасы. Орозо айтка караганда Курман айт ири майрам болуп эсептелет. Анткени Орозо айт бир эле күн, Курман айт 30 күн белгиленет. Бул айт орозонун аякташы, ооз ачкандын майрамы болсо, Курман айтта курмандык чалынат.

Телевизор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
"Кыргызстандагы телеканалдар жабылып калышы мүмкүнбү?" аттуу тегерек стол
Орозо айтта мал союлбайт. Мал Курман айтта союлат. Атайын кой, уй же эчки курмандыкка чалынып, өтүп кеткендерге куран окулат. Ал эми Орозо айтта мал союу шарт эмес. Көзү өтүп кеткендерге арнап куран окутса болот, бирок муну менен гана чектелип калбастан айтташ керек.

Ичимдик ичилип, шаан-шөкөт кылган болбойт. Орозо айтты аша чаап шаан-шөкөткө айлантпаш керек. Бул күнү ичимдик ичүүгө, бирөө менен араздашууга жана жаман сөздөрдү айтууга тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0