Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
4-июнда айрым жерлерде жамгыр жаайт.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Шейшемби, 4-июнда кээ бир аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +23... +28, Талас жергесинде +20... +25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24... +29, ал эми Ысык-Көл, Нарын аймагында +18... +23 градус жылуу болот.

Бишкекте өткүн өтүшү мүмкүн. Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +26 ...+28 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0