"Соттордун кудайы" атыккан Манас Арабаев кармалды

© AP Photo / Moises CastilloКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал коррупция беренеси боюнча айыпталууда.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Президент аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кишилерди жоопко тартуу аракеттерин улантып жатат.

"Сотко чейинки тергөө иштери учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, "Коррупция" беренеси менен Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды", — деп айтылат маалыматта.

Арабаев 2-июнда кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, Манас Арабаев ээлеген кызматынан 2018-жылы 15-майда бошотулган.

Учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президенттин аппаратындагы Манас Арабаев соттор үчүн кудайдай эле болуп калганын айтып, сынга алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0