Бишкекте ысык суу маалынан эрте берилет

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСуу алып жаткан кыз. Архив
Суу алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардыктар 6-майдан бери ысык суусуз отурушкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкекке ысык суу пландалгандан эки күн мурда, тагыраагы, 4-июнь күнү берилет. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка мэр кол койду.

Эске салсак, Бишкекте 6-майдан бери суу түтүктөрүн кышкы сезонго даярдоо максатында оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан ысык суу убактылуу өчүрүлгөн.

Шаарга ысык сууну толугу менен берүүгө үч күн убакыт талап кылынат. Алгач бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык маанилүү объектилерге берилет. Ошондой эле ысык суу берилерде суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталат.

Кошумча суроолор жаралса төмөнкү телефондорго коңгуроо каксаңыз болот: 

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980.

Диспетчер кызматы: 56-85-58. 

Борбордук райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 36-57-19,30-07-67.

Шаардын түштүгүндөгү райондордун нөөмөттөгү инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.

Жаңылыктар түрмөгү
0