Кезекте тургандардын башын аттабаңыз! Ооруканада жүрүү этикети

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруканадыгы дарыгерлер. Архив
Ооруканадыгы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашоонун кайсы тармагы болбосун өзүбүздү маданияттуу алып жүргөнүбүз жакшы.

Бүгүн оорулуулар жана аларды коштоп жүргөндөрдүн оорукана же байтапканадагы этикети тууралуу кеп кылабыз. Жаны кыйналып турган бирөөгө сылык-сыпаа мамиле кылуу,  жок эле дегенде зыяныңды тийгизип албоо өтө маанилүү.

Ооруканадагы маданият тууралуу Sputnik Кыргызстанга этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Бирөөнү аңдый бербеңиз

Мейманкананын номерин жыйнап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бөлмөгө киши түнөтпө! Эс алуудагы мейманканада жашоо этикети
Бир палатага диагнозу бирдей адамдарды жаткырышат. Бирок бул баарыңар бипбирдей дары-дармек менен дарыланасыңар дегенди түшүндүрбөйт. Анткени ар кимди организминин өзгөчөлүгүнө, башка ооруларына жараша ар башкача дарылашат. Ошондой эле ар кимдин сакаюусу ар кандай болот. Ошондуктан бирөөнү аңдып, "Ал эмнеге бат жакшы болду? Мен эмнеге аныкындай дары ичпей жатам?" деген суроолорду бере бербеңиз. Бул өзүңүздү сарсанаа кылып, дарыгердин дагы кыжырына тийиши мүмкүн.

Тазалык

Байтааныш эле адам (дарыгер, медайым) сиздин дене-боюңузга ооруканадан башка жерде мынча жакын болбосо керек. Дегеним бир күндө бир нече жолу ийне саят, укалайт, жараат болсо улам ачып карайт, ооруган жерди кармалайт дегендей... Андыктан, жуунуп алыңыз. Жаныңызга келсе эле "буркурап" турганыңыз жарабайт.

Баса, Sputnik Кыргызстандын колумнисти, дарыгер Эркингүл Койбакованын гигиенаны сактабаган оорулуулар жөнүндө жазганы бар. Окуп чыгыңыз, пайдасы тиет.

"Өзгөчөлөр"

Айрым учурда бейтапканада бир нече сааттан бери зарыгып кезек күтүп турсаң, бирөө келет да дарыгерге телефон чалып туруп кирип кетет. Же ары жактан башка дарыгер таанышын алып келип, киргизип кетет. Ошол жерде калып калгандардын абалын элестетип көргүлө, өзү жаны кейип ооруп турса, мынчалык бетбактык анын дагы канча нервин "жеп" коет. Анан албетте, уруш-талаш, пикир келишпестик чыгат, ар кандай сөздөр айтылат. Андыктан, айланадагыларды сыйлай билели. Эгер дарыгер таанышыңыз болсо, ага каалаган учурда кире алсаңыз, башка оорулуулардын убактысын уурдабай, бош кезинде келиңиз.

Палатага "конок" күтпөгүлө

Фестиваль Этно Фест в селе Тон - Sputnik Кыргызстан
Тоо-таш душмандыкы эмес! Жаратылышта эс алуу боюнча 7 кеңеш
Адатта киши ооруканага жатып калганда ал жөнүндө көптөн бери көрүшө элек таяке-жээн же куда-сөөк угат эмеспи. Алардын көпчүлүгү ооруканага келип-кетүүнү парз көрүшөт. Ооба, ооруп турган адамдын абалын сурап коюу эң жакшы нерсе. Бирок муну азыркы заманда телефон аркылуу деле жасаса болот. Өзү араң жаткан кишини улам-улам сыртка чакыртып же палатага 4-5 кишинин кирип алганы оорулууга гана эмес, жанындагыларга, дарыгерлерге дагы тоскоол болот. Баса, ооруп жаткан адам адатта тамакты ылгап жейт, кээде такыр эле табити тартпайт. Андыктан толгон-токой тамак көтөрүп келүүнүн зарылдыгы жок. Андан көрө эмне тамак жеп жатканын өзүнөн сурап алып, эң зарыл нерсени ала барган туура.

Сый мамиле

Ооруканада ак халат кийип жүргөндүн баары эле сизди дарылоого милдеттүү эмес. Мисалы, башкы дарыгер уюштуруу иштери менен алектенет, кайсы дарыгер кимди дарыларын чечет. Медайым дары-дармек таратып, дарылоо боюнча башка процедураларды кылат дегендей. Андыктан, УЗИ адисин "диагнозум эмне экен" деп кыйнабаңыз, анткени диагнозду сиз көрүнүп жаткан дарыгер гана аныктай алат. Ал эми медайым сиз эмнеге дал ушул дарыны ичип жатканыңызды билбейт, анткени бул маселени дагы дарыгер чечет. Андыктан, бирөөдөн сизди ынандырган жооп ала албай калсаңыз эле "булар акмак, эч нерсе билбейт, акча бербесең эч нерсе бүтпөйт" деп бүтүм чыгарууга шашылбаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0