БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Касымалы Баялинов атындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн китепканасында "Кыргызстандын өнүгүүсүнө балдардын салымы" деп аталган балдар фестивалы өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.
Максат — Кыргызстандын балдарынын зор потенциалын көрсөтүү, алардын дараметин ачканга шарттарды түзүү.
Фестиваль эл аралык сынактардын жана мелдештердин жаш жеңүүчүлөрү тарабынан даярдалган чакан концерт менен башталат.
Иш-чара чыгармачыл, көңүл ача турган форматта өтөт. Искусствонун ар кандай түрлөрү жана робототехника, шахмат, химия, менталдык арифметика, таэквондо жана башкалар боюнча мастер-класстар уюштурулат. Атайын жасалган фотоаймакта балдар өзүн ар кандай образдарда сынап көрсө болот, тигил же бул кесиптин атмосферасына чөмүлүп кыялдана алышат. Президенттердин клубу өзүнчө иштейт, ал жерде жаш лидерлер - мектептин президенттери чогулуп, талкуулап, Президентке жана Кыргызстан элине кайрылуу жазышат.