20:17 18 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Абак. Архив

Батукаевдин иши: кармалган экс-прокурор тил каттын негизинде коё берилди

© Sputnik / Алексей Филиппов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Батукаевдин ишинин жанданышы (44)
378 0 0

Кармалган жаранга Кылмыш жаза кодексинин коррупциялык иштерге аралашкан беренеси боюнча кине коюлууда.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. ИИМдин тергөө кызматынын атайын тобу кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча түзөтүү жайларындагы мыйзамдуулукту сактоо боюнча мурдагы прокурор, учурда Нарын облусунун прокурорунун орун басары А.М. аттуу жаранды 28-майда кармашты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кармалган жаранга Кылмыш жаза кодексинин коррупциялык иштерге аралашкан деген беренеси боюнча кине коюлууда. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

"29-майда кармалган жаран Биринчи Май райондук соту менен кызматташуу боюнча ниетин билдиргендиктен сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулган", — деп айтылат маалыматта.

А.М. аттуу жаран прокуратура органдарынан өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Учурда сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.

Батукаевдин иши

Экс-министр здравоохранения КР Динара Сагинбаева
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган.

Белгилей кетсек, Батукаевди Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Бул иштин алкагында ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Тема:
Батукаевдин ишинин жанданышы (44)

Тема боюнча

Мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов тергөө абагына киргизилди
Батукаевдин иши боюнча Нарын шаарынын мурдагы судьясына айып тагылды
Белгилер:
Башкы прокуратура, кылмыш иши, Азиз Батукаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ