ЖАМК Кыргызстандын абактарында кайсы өлкөнүн жарандары отурганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственная служба исполнения наказания
Государственная служба исполнения наказания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта өлкөдөгү колонияларда жалпы 9 300 соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын абактарында 340 чет элдик жаран отурат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Азыркы тапта колонияларда жалпы жонунан 9300 соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөөдө. Анын ичинен 340 киши чет өлкөлүктөр.

Тагыраак айтканда, 32,7 пайызы Өзбекстандын, 24,5 пайызы Тажикстандын, 19 пайызы Россиянын, 16,9 пайызы Казакстандын, 2,6 пайызы Түркиянын жана 0,5 пайызы Кытайдын жарандары.

Жаңылыктар түрмөгү
0